МЕДИЦИНАЛЫК ТУРИЗМ
ЖАҢЫМЕДИЦИНАЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР БОРБОРУ
ЖМТБ
Новосибирск
Борбор жөнүндө
2022-жылы РИА СБ Химиялык биология жана фундаменталдык медицина институту сибирдик окумуштуулардын уникалдуу иштеп чыгуулары менен натыйжалуу чет өлкөлүк методикалар үчүн практикалык база түзүү жөнүндө чечим кабыл алган.

Ошентип, Жаңы медициналык технологиялар борбору — практикалык медицина менен азыркы илимдин жетишкендиктерин бириктирген адистештирилген клиникалардын көп профилдүү тармагы пайда болгон
Биздин артыкчылыктарыбыз
Жыл сайын бизге РФнын түрдүү аймактарынан жана жакынкы чет өлкөлөрдөн 20 000 ден ашуун бейтап келет
Бейтаптардын географиясы
ТОП-10 багыт
Бизге келген бейтаптардын арасында көбүрөөк суроо-талапка ээ багыттар
КАРДИОЛОГИЯ ЖАНА ЖҮРӨК-КАН ТАМЫР ХИРУРГИЯСЫ
ОНКОЛОГИЯ
ОРТОПЕДИЯ ЖАНА ЭНДПРОТЕЗДӨӨ
НЕЙРОХИРУРГИЯ
УРОЛОГИЯ
ГИНЕКОЛОГИЯ
ПРОКТОЛОГИЯ
ЭКУ
CHECK-UP (КОМПЛЕКСТҮҮ ДИАГНОСТИКА)
ГЕНЕТИКАЛЫК ПАНЕЛДЕР
Телемедицина
Башка шаарларда жашаган бейтаптарды аралыктан коштоо
Сырттан акысыз консультация
+
Кызматтын жол-жобосу
Өтүнмө жиберүү

Сиздин кайрылууңуз аралыктан кабыл алынат. Бардык өтүнмөлөр врачтардын мультидисциплиналык тобу тарабынан каралып чыгат. Бейтаптын документтеринин негизинде дарылоонун планы жана баасы белгиленет. Таанышып чыгуу максатында бейтап үчүн дарылоону жүргүзө турган врач менен онлайн-жолугушуу уюштурууга болот

Уюштуруу маселелери

Бейтап менен дарылоо планы макулдашылгандан кийин, сервистик бөлүмдүн адиси – координатор бейтап үчүн бардык уюштуруу маселелерин чечип берет

Клиникада болгон мезгилде

Бейтап клиникада дарыланып жаткан мезгилде аны ЖМТБ сервистик кызматынын координатору коштойт.

Ал бейтапка дарылоонун бардык этаптарында колдоо көрсөтүп турат

Бейтапка аралыктан колдоо көрсөтүү

Кураторлук жана үйүнө кайтып келгенден кийин бейтап жана анын туугандары менен байланыш: бейтаптын дарыгери менен байланышуусун уюштуруу, ден соолугунун контролдук көрсөткүчтөрү

*маалымат өткөрүү каналы корголгон
Аралыктан консультация алуу үчүн документтерди жиберүү*
Документтерди кантип жиберсе болот
1.
2.
8800@cnmt.ru электрондук почтасына өтүнмө жиберүү
Аралыктан консультация
Врачтар, медициналык борборлор, камсыздандыруу компаниялары, бейтаптар үчүн
Бул канал аркылуу өтүнмө жиберүү менен Сиз:
1. Диагнозуңуз боюнча аралыктан консультация (экинчи медициналык пикир) ала аласыз.
2. ЖМТБда дарылануунун болжолдуу эсебин жана врачтардын рекомендацияларын ала аласыз.
3. Клиникага жайгашуу үчүн документтерди коммерциялык негизде же ММК боюнча жибересиз.
Сервис тууралуу

Биз бейтаптарыбыз үчүн жогорку деңгээлдеги сервисти жана анын жеткиликтүүлүгүн камсыздайбыз

СИЗДЕР ҮЧҮН КАМКОРДУК КЫЗМАТЫНЫН КООРДИНАТОРУ ИШТЕЙТ
  • ЖАШОО
    Сиз жана коштоочуларыңыз үчүн ыңгайлуу жашоо вариантын таап, орун ээлеп коёт. Трансферди уюштурат. Коопсуз жана жайлуу жеткирүүгө кам көрөт
  • БОШ УБАКЫТТЫ ӨТКӨРҮҮ
    Сиз Новосибирск шаарында болгон мезгилде бош убактыңызды кызыктуу өткөрүү боюнча сунуштарды берет. Эгер кааласаңыз, дарылануу аяктаган соң Новосибирск областынын санаторийинде эс алууну уюштурууда жардамчы боло алат
  • МААЛЫМАТ БЕРҮҮ
    Диагностикалык процедуралардан өтүүнүн бардык этаптары жана аларга даярдануу жөнүндө маалымат берет.
    Кабыл алынгандан кийин врачтан керектүү маалыматтарды тактап берет жана башка маселелерде колдоо көрсөтөт
  • КОЛДОО
    Сизге көңүл бурат жана камкордук кылат. Кызыктырган бардык суроолоруңузга жооп берет
Хирургиялык стационар
ЖМТБнун хирургиялык стационары 1-2 орундуу комфортабелдүү палаталардан турат. Сиздин саламаттыгыңызга тажрыйбалуу жана билимдүү адистер – түрдүү профилдеги хирург врачтар, анестезиология кызматы, орто жана кенже медицина кызматкерлери кам көрөт.

Комфорттуу жашоо шарттары, ар бир бейтапка жекече мамиле жана түшүнүктүү тилдеги анестезиологиялык колдонмо операциядан кийин калыбына келүүнүн максималдуу жайлуу жана аяр режимин камсыздайт
Бейтаптын операциянын эң мыкты натыйжасына ээ болуп, тезирээк бутуна туруп кетүүсү жана активдүү жашоого кайтуусу биз үчүн маанилүү
Пикирлер
20 жылдан ашуун убакыттан бери биз Калининграддан Владивостокко чейинки аймактардан, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген бейтаптарга сапаттуу медициналык кызматтарды көрсөтүү менен жардам берип келе жатабыз. Бейтаптардын көпчүлүгү аныктап чыгуу кыйын болгон оор илдеттер менен кайрылышат. Ал тургай дартты жеңип чыгуу үмүтүнөн кол үзүп койгон бейтаптарыбыз да болгон. Бирок жогорку деңгээлдеги медицина биз ойлогондон кыйла жакын жана жеткиликтүү
Бейтаптарыбыз бизге ыраазычылыктарын билдирет
  • Менин атым Рустам, ЖМТБ клиникасына операция үчүн Өзбекстандан келгем.
    Мен жашаган шаардан ооруну басаңдатуучу дары-дармектерди гана жазып беришчү, алар деле жардам берчү эмес. Клиниканы интернеттен таап, пикирлерди окуп чыгып, врачтарын изилдеп көргөн соң, документтерди жөнөттүк. Дарыгер сүрөттөр аркылуу абалды аралыктан баалап чыгып, дароо операция жасатууну сунуш кылды.
    Бизге клиниканын кызматкерлери операциянын алдында талап кылынган изилдөөлөр менен текшерүүлөрдү жазып беришти, клиникага жакын жердеги мейманканадан орун ээлеп коюшту. Операцияга чейин учуп келген соң ошол жакка барып эс алдык, кийин мен ооруканада жатканда жубайым жашады.
    Операция эндоскопиялык жол менен жасалды, врачтын колу жеңил экен! Мен эч кандай кыйыр таасирлер жок, үчүнчү күнү эле клиникадан чыгып келдим.
    Үйгө кайтып келгенимде, врач контролдук анализдердин планы менен калыбына келтирүү планын жазып берди. Менеджерлер күнү-түнү байланышта болуп, бардык суроолорума жооп берип турушат.
    Жалпы командага терең ыраазычылык билдирем! Клиниканы сөзсүз тааныштарым менен досторума сунуштайм!

    Рустам
    Өзбекстан
  • Менин атым Акмарал, мен жолдошум менен бирге Кыргызстандан келдим. Россияга келгенибиздин себеби – 11 жылга созулган тукумсуздук эле. Кыргыздар балдарды абдан жакшы көрөт, үй-бүлөлөрдүн көбү 3-4 балалуу болушат. Тилекке каршы, кош бойлуу боло алган жокмун. Россиянын клиникалары жөнүндө жакшы пикирлерди көп уккам.
    Пикирлерди изилдеп отуруп, ЭКУ боюнча тажрыйбасы чоң жана мыкты натыйжаларга жеткен врачты издештирдик.
    Ошентип, Попова Жанна Юрьевнага туш болдук. Алдын ала жазылып, жолго камына баштадык. Доктор бизге кандай анализдер менен келишибиз керек экендиги туурасында консультация берип, процедуранын бардык нюанстарын түшүндүрдү, канча убакытка келе турганыбызды айтты. Кызыктырган суроолорубуздун баарына толук жана түшүнүктүү жооп ала алдык.
    Аракеттерибиздин натыйжасында Алия аттуу кыздуу болдук! Докторго жана клиниканын жалпы жамаатына бизге көрсөткөн колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!
    Клиникага дагы сөзсүз келебиз!!!

    Акмарал
    Кыргызстан
  • Өргүү учурунда бардык текшерүүлөрдөн өтүп, ден соолугубуздун абалын билүү максатында үй-бүлөбүз менен – жолдошум жана 10 жаштагы кызым болуп, Новосибирсктеги ЖМТБ клиникасына келдик. Тилекке каршы, биздин шаарда мындай жогорку деңгээлдеги адистер менен жаңы үлгүдөгү жабдуулар жок. Баштан-аяк скринингден өтүп, жазылган көрсөтмөлөрдүн баарын аткардык. Кызыбыздын ден соолугу тынчсыздандырып жүргөн – тез-тез КРВИ менен ооруп, өзүн начар сезип калчу. Врачтардын баары ачык-айрым жана боорукер экен. 2 күндүн ичинде эле үй-бүлөбүздүн саламаттыгы боюнча толук картинаны ала алдык. Шаарда дагы бир жума калып, сейилдедик, аквапаркка барып эс алдык.

    Елена
    Россия, Петропавлоск ш.- Камчатский
  • Атым Аксауле, мен Казакстандан атайы доктор Валентин Юрьевич Жиленкого келгем.
    Жалпы командага ыраазычылык билдирип кетким келет. Келерден мурун кыйла эле чочуладым, бейтааныш шаарга барып, адашып кетүүдөн корктум. Кайсы жерге, кантип жетишти да билбейм да. Врач тууралуу маалыматты Интернеттен издедим, жакшы пикирлер абдан көп жазылыптыр, келгенге чейин өзү менен онлайн сүйлөштүм, кызыктырган суроолорумду бердим. Жардамы тийди. Андан кийин клиниканын кызматкерлери мени менен байланышта болуп турушту. Алар аэропорттон клиникага чейинки сапарымды уюштуруп, кийин клиникадан жылуу тосуп алышты, бардык жерде коштоп жүрүштү. Операция ийгиликтүү өттү. Жамбаш-кашка жилик сөөгүм алмаштырылды. Реабилитация мен күткөндөн да тез болду.
    Сиздерге чоң рахмат! Көп жашап, бактылуу өмүр сүрүңүздөр! Абдан ыраазымын!
    Аксауле
    Казакстан
Кимдерге кызматташууну сунуштайбыз
• Медициналык борборлор
• Медициналык туризм агенттиктери
• Жеке адистер
• Санаторийлер
• Туроператорлор, турфирмалар


Кененирээк маалымат алуу жана келишим түзүү үчүн kuznetsova_vv@cnmt.ru почтасына же WS жазыңыздар
WS +7 960 794 39 42

Суроолор калдыбы?

Эгерде суроолоруңуз калса же өтүнмө калтырууну чечсеңиз,

форманы толтуруңуз. Биз Сиз менен жакынкы убакта

байланышабыз

Жеке маалыматтарды колдонуу шарттары менен таанышып чыкканымды жана макулдугумду ырастайм
+7 (383)-363-01-91
+7 960-794-39-42
Partner@cnmt.ru
Новосибирск ш.
Өнөктөштөр жана башка шаарларда жашаган бейтаптар менен иш алып баруу бөлүмү
ул. Сакко и Ванцетти көч., 77
3-жана 5-кабаттар
Октябрьская метросу
Академиктер шаарчасы
ул. Пирогов көч., 25/4
ЖМТБ
бул алдыңкы илимий жетишкендиктерди практикалык иште активдүү колдонгон, көп профилдүү адистештирилген клиникалардын тармагы.
8
КЛИНИКА
70 000
ЖЫЛЫНА 70 000 БЕЙТАП
310 000
ЖЫЛЫНА 310 000 КАЙРЫЛУУ
665 000
ЖЫЛЫНА 665 000 КЫЗМАТ
КАРШЫ КӨРСӨТМӨЛӨР БОЛУШУ МҮМКҮН. АДИСТИН КОНСУЛЬТАЦИЯСЫ ТАЛАП КЫЛЫНАТ
Напишите нам
Готовы ответить на ваши вопросы
Mail
Phone
WhatsApp